Баткендеги маданий, спорттук объектилер эми республикалык бюджеттен каржыланат

Мындай чечим Баткен облусунун өзгөчө статусуна ылайык келет.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Мурда жергиликтүү бюджеттен каржыланып келген Баткен облусундагы маданият жана спорт объектилери эми республикалык бюджеттен каржыланат. Тийиштүү чечим министрлер кабинетинин кеңешмесинде кабыл алынганын маалымат кызматы билдирди.
Бул чечим "Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзамын ишке ашырууга багытталган.
Мындан улам 2022-жылдын 1-январынан тартып Баткен облусунун жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу маданият жана спорт объектилерин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүлөт.
Садыр Жапаров: Кыргызстандагы бардык ички аба каттамдар калыбына келтирилет