Айыл чарба министрлиги: эгин талааларына суу берүү планы 88%га аткарылды

Ар бир облуста суу берүү жана сугарылган аянттын планынын аткарылышы тууралуу маалымат берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 27-июнуна карата эгин талааларына суу берүү планы 88 пайызга аткарылды. Бул туурасында Айыл чарба министрлиги билдирди.
Тагыраак айтканда, ушул кезге чейин 2 миллиард 583,4 миллион метр куб суу каралса, иш жүзүндө 2 миллиард 261,1 миллион метр куб берилген. Ал эми 1 миллион 719 миң гектар талааны сугаруу керектелсе, бүгүнкү күндө анын 1 миллион 445 гектарына жеткен. Бул план 85 пайызга аткарылды.
Суу берүү жана сугарылган аянттын планынын аткарылышы:
Баткен облусу — 110 (суу берүү) жана 95 (сугарылган аянт) пайыз;
Ош облусу — 78 жана 78 пайыз;
Жала-Абад облусу — 93 жана 91 пайыз;
Ысык-Көл облусу — 92 жана 90 пайыз;
Нарын облусу — 72 жана 65 пайыз;
Чүй облусу — 91 жана 87 пайызга;
Талас облусу — 87 жана 81 пайыз.
Белгилей кетсек, былтыр ушул маалда өлкөдө, өзгөчө Чүй өрөөнүндө суу тартыштыгы жаралып, дыйкандардын эгини куурап калуу кооптуулугуна кептелген. Буга байланыштуу жергиликтүү эл улам митингге чыгып жаткан. Быйыл да күн ысыгандан кийин эгинге суу жетпей жатканы айтыла баштады.
Күндүн ысыгынан кантип сактануу керек? Адистин кеңеши