Абактагы ордумду берем. Атамбаев кайра чуу салып сот залынан чыгарылды

Мурдагы президент "циркке катышуунун кажети жок" деп, сотту аны чыгарып салып өткөрүүнү суранды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Мурдагы президент бүгүн да Октябрь окуясы боюнча соттук отурумга алып келинди.
Журналист УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ага абакта аябай жакшы шарт түзүлгөнүн айтканын жеткирип, чыныгы картина кандай экенин сурады.
"Эгер кимдир бирөөгө менин отурган шартым жагып жатса, ордумду аны менен алмаштырууга даярмын", — деди Атамбаев.
Ал эми "өкүм чыгардын алдында акыркы сөзүңүздү айтасызбы?" деп сураганда ооз ачпай турганын, бирок эркиндикке чыкканда айтчу сөзү көп экенин билдирди.
Сот отуруму башталгандан кийин мурдагы президент тосмону тепкилеп кайрадан чуу салып, залдан чыгарылды. Мындай кадамын ал "циркке катышуунун кажети жок" деп түшүндүрдү.
Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров дагы Атамбаевге бардык шарттарды түзүп бергенин, абакта ээн-эркин жүрөрүн айткан.
Сот Алмазбек Атамбаевди эки иш боюнча актады