"Көчмөн элимдин салтын улантып жатам". Ат чаап, сууга чөмүлгөн Шевченко. Видео

Дүйнө чемпиону кыргыз көйнөктөрүн кийип, кыргыз жайлоолорунда жүргөн сүрөттөрүн да жарыялоодо.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. UFC чемпиону Валентина Шевченко Кыргызстандын туристтик потенциалын жарнамалоону улантууда.
Ал социалдык тармактагы баракчасына ат минип жүргөн жана шаркырап аккан сууга түшүп жаткан видеосун жарыялады.
"Жаратылыш койнунда үй-бүлө жана досторуңдун курчоосунда ат минип убакыт өткөрүүдөн өткөн нерсе барбы. Кыргызстандагы жай — сыйкырдуу мезгил! Көчмөн элимдин салтын улантып жатам", — деп жазган Шевченко.
Дүйнө чемпиону, мындан сырткары, кыргыз көйнөктөрүн кийип, кыргыз жайлоолорунда жүргөн сүрөттөрүн жарыялоодо.
Кыргыз көйнөк кийип бийлеп, ат чаап... Валентина Шевченконун видеосу