БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Биринчи май райондук соту Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди октябрь окуялары боюнча актады.
Судья анын аракеттеринде кылмыштын белгилери болгон эмес деп тапты.
Мамлекеттик айыптоочу Алмазбек Атамбаевди Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Массалык башаламандыктар") боюнча күнөөлүү деп таап, 12 жылга камакка алууну сураган.
Мындан тышкары, Октябрь окуялары боюнча Атамбаевдин тарапташтары Фарид Ниязов, Курсан Асанов, Жеңиш Молдокматов, Канат Сагынбаев жана Темирлан Султанбеков да акталды.
Атамбаев менен Ниязов соттун чечими күчүнө киргенге чейин үй камагына чыгарылды. Анткен менен мурдагы президент камакта калат. Себеби ал кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча күнөөлүү деп табылып камакка алынган. Атамбаев учурда түзөтүүчү колонияда кармалууда. Ал эми Ниязов сот залынан бошотулду.
Буга чейин сот Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу жана Түркиянын 10 жаранына мыйзамсыз паспорт берүү боюнча Атамбаевдин аракетинде кылмыштын курамы жок экенин аныктап, күнөөсүз деп тапкан.
Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров дагы Атамбаевге бардык шарттарды түзүп бергенин, абакта ээн-эркин жүрөрүн айткан.