Жыргалаң: испаниялык туристтердин автоунаасы жардын кырына туруп калган. Сүрөт

Автокырсыкка кабылган аялы менен күйөөсүнө ӨКМдин сегиз куткаруучусу жардам берген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Шахта-Жыргалаң айылында Испаниядан келген туристтердин автоунаасы жардын кырына туруп калып, аны ӨКМ кызматкерлери жолду көздөй тартып чыгарып беришти. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 2

Ысык-Көлдүн Шахта-Жыргалаң айылында Испаниядан келген туристтердин автоунаасы жардын кырына туруп калып, аны ӨКМ кызматкерлери жолду көздөй тартып чыгарып беришти

2 / 2

ӨКМ эч ким жабыркабагандыгын билдирди.

"Автокырсыкка кабылгандарга сегиз куткаруучу жардам берген. Алар испаниялык 36 жаштагы жубайларга жардам көрсөтүп, автоунаасын чыгарып беришти", — деп айтылган маалыматта.
ӨКМ эч ким жабыркабагандыгын билдирди.
Ар бир туристке меймандостугубузду көрсөтөлү! Садыр Жапаров элге кайрылды