БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен G20 саммитине Россиянын президенти Владимир Путин катышса ага бойкот жарыялоо идеясын колдобой турганын билдирди. Бул тууралуу анын ZDF телеканалына курган маегине шилтеме кылып РИА Новости жазды.
"Биз G20 уюмун шал болуп калууга алып келчү кадамдардан оолак болушубуз керек. Ошондуктан мен бул идеяны колдобойм. G20 форматы өнүккөн өлкөлөр үчүн гана эмес, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн дагы чоң мааниге ээ", — деди жетекчи.
Буга чейин АКШ жана бир катар союздаш өлкөлөр быйыл ноябрда Бали аралында өтө турган G20 саммитине Россияны катыштырбаш керек деген идея менен биримдикке төрагалык кылган Индонезияга кысым көрсөткөн.
Бирок Жакарта Россияга чакыруу жөнөтүлгөнүн жана аны кайра чакыртып алуу мүмкүн эместигин айткан. Ошол эле учурда Индонезия өкмөтү АКШ жана анын союздаштарынын сунушу менен Украинаны кошо саммитке чакырды.
Ал эми Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков саммитке катышуу боюнча чечим иш-чара жакындаганда кабыл алынарын, кандай болгон күндө да Владимир Путин саммитке чакырылганын айткан.