БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. АКШда тоту куш ээсин өлтүргөн адамды табууга жардам берди. Бул тууралуу Historyofyesterday порталы жазды.
2015-жылдын 13-майында Мичиган полициясы Дюрам аттуу жубайлардын үйүнө келип, алардын жерде кан жалап жатканын көргөн. 46 жаштагы Мартин Дюрем тапанчадан беш жолу атылган октон каза таап, башына ок тийген жубайы Гленнанын өмүрүн ак халатчандар сактап калган.
Окуянын башка күбөлөрү жок жана коңшулар дагы эч нерсе укпагандыктан полиция киши өлтүргүчтү өз алдынча издей баштаган. Ал аралыкта Мартинге тиешелүү Бад аттуу тоту кушту анын мурдагы жубайы Кристина Келлерге жеткирип беришкен. Кызыгы, канаттуу Келлердин үйүнө барган соң Мартиндин интонациясы менен сүйлөй баштаган. Алгач “Атпа, атпа!” деп көп айтчу. Кийин эки башка адамды туурап, Мартин менен Гленнанын ортосунда каргашалуу күнү болгон чырды кайталап берген.
Сотто тоту куштун “көрсөтмөсү” мыйзамдуу деп таанылган эмес. Бирок Гленнаны шектүү катары караганга жем таштаган.
Кийинчерээк полиция Гленнанын кумар оюндарына көз каранды болгонун, анын айынан үй-бүлөлүк бюджеттен көп акча жоготуп, жубайлар жашаган үй карызы үчүн камакка алынганын билишкен. Аял көп убакыт бою антидепрессанттарды ичип, күйөөсүн өлтүрүүгө бир нече күн калганда токтоткон.
Трагедиядан эки жыл өткөндөн кийин гана Гленна Дюрем киши өлтүргөндүгү үчүн соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылды. Анын кылмышына күбө болгон тоту куш Кристина Келлердин үйүндө жашап калды.