Тиш эмнеге саргаят жана аны агартуу керекпи? Дарыгердин жообу

Адис азиаттардын тиштеринин тубаса өңү ак саргыл келе турганын, аны шарттуу учурда гана агартуу керектигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Стоматолог-терапевт Асира Жанузакова тиштин өңүн эмнелер буза турганын жана аны агартуу кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүндүгүн айтып берди.
Дарыгер азиаттардын тиштеринин тубаса өңү ак саргыл келе турганын белгиледи.
"Кандай тиштерди агартыш керек? Жакшы жуулбай сыртына кир орноп калган тиштерди, тамеки, кола, кофеден саргайып калган тиштерди агартса болот. Кээ бирөө жөн эле тишин аппак кылгысы келе берет. Ал — тескерисинче, зыян. Анткени тиштин эмалы күч менен кырылат. Химикат, шаймандар пайдаланылат. Тиш агартуунун айынан сезгич болуп, башка да көйгөйлөр жаралат", — деди дарыгер.
Буга чейин Жанузакова ооздон жагымсыз жыттын чыгышына эмнелер себеп экенин айтып берген.
Кара туз менен тиш чайкаган чын эле пайдалуубу? Стоматологдун видеосу