БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Тайвань ракеталык куралдарды массалык түрдө чыгарууну ниеттенип жатат. Бул тууралуу "Ридус" басылмасы жазды.
Чунг Шан илим жана техника улуттук институнун (NCSIST) маалыматы боюнча, Тайванда ракетанын майын өндүргөн алгачкы завод расмий түрдө жума күнү Пиндун аймагында ачылган.
Завод Куралдуу күчтөрдүн ракеталарды массалык түрдө чыгаруу талабын аткарууга, ошондой эле ракета майын изилдөөгө жана иштеп чыгууга жардам берет.
Заводду курууга үч жыл кетип, 18,15 миллион доллар сарпталган. Focus Taiwan басылмасынын маалыматында заводдун ачылышы аралдын аба жана деңиз күчтөрүнөн коргонуу потенциалын жогорулатууга жардам берет.