Садыр Жапаров Солтон-Сары алтын кенине барып, эл менен жолукту. Видео

Азыркы учурда "Солтон-Сары кени" филиалы жана "Авелум партнер" ЖЧКсы достук келишимдин негизинде Алтын-Төр тилкесинде комплекстүү иштерди жүргүзүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кен жайына барганын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүдө мамлекет башчысы инвестор өз убагында тиешелүү инфраструктураны куруп баштап, бирок 2019-жылы жергиликтүү тургундар тараптан нааразылыктан соң бардык ишмердүүлүгүн токтоткон Бучук тилкесин карап чыкканы айтылат.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кен жайына барганын маалымат кызматы кабарлады

2 / 4

Билдирүүдө мамлекет башчысы инвестор өз убагында тиешелүү инфраструктураны куруп баштап, бирок 2019-жылы жергиликтүү тургундар тараптан нааразылыктан соң бардык ишмердүүлүгүн токтоткон Бучук тилкесин карап чыкканы айтылат

3 / 4

Бул тилкедеги чалгындалган алтындын кору 12 тоннаны түзөт, ошону менен бирге, геологдордун божомолу боюнча, баалуу металлдын запасы дагы 22 тоннаны түзүшү мүмкүн

4 / 4

Жапаров бул ишкана боюнча акыркы чечим комплекстүү анализ жана кырдаалды ар тараптуу изилдөөдөн соң кабыл алынарын белгилеп, экология маселелерине өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.

Бул тилкедеги чалгындалган алтындын кору 12 тоннаны түзөт, ошону менен бирге, геологдордун божомолу боюнча, баалуу металлдын запасы дагы 22 тоннаны түзүшү мүмкүн. Жапаров бул ишкана боюнча акыркы чечим комплекстүү анализ жана кырдаалды ар тараптуу изилдөөдөн соң кабыл алынарын белгилеп, экология маселелерине өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.
Андан соң президент Солтон-Сары кенинде 1994-жылдан тартып Алтын-Төр тилкесин иштетип келе жаткан "Солтон-Сары кени" ишканасына барды. Ишкана — "Кыргыз алтын" ААКтын филиалы.
"Мамлекет башчысына ишкананын негизги көрсөткүчтөрү, аткарылган тоо иштеринин көлөмү, бюджеттик төлөмдөрү, иштетилген инвестициялардын суммасы, инвестор-компания "Авелум партнер" тарабынан пландалып жаткан кошумча салымдар тууралуу маалымат берилип, ошондой эле алтын чыгаруучу фабриканын иши көрсөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда "Солтон-Сары кени" филиалы жана "Авелум партнер" ЖЧКсы достук келишимдин негизинде Алтын-Төр тилкесинде комплекстүү иштерди жүргүзүүдө.
"Кыргыз алтын" компаниясын өнүктүрүү максатында президент тийиштүү мамлекеттик органдарга ага өлкөнүн аймактарынан кошумча кен жайларын иштетүү үчүн бөлүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.
Жапаров жергиликтүү калк менен жолугушуп, суроолоруна жооп берди.
Түрк инвесторлору Кыргызстандагы эки компанияга 50 млн. доллар салууга даяр