Песков: Россияны дүйнөлүк интернеттен ажыратуу мүмкүн эмес

Россиянын санариптик өнүктүрүү министри Максут Шадаев Россия европалык маалымат алуу түйүндөрүнөн ажыратылса, Азиядан интернет-трафик ала аларын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Россияны дүйнөлүк интернеттен ажыратуу дээрлик мүмкүн эмес жана андай нерсени эч ким пландаган жок. Бул тууралуу президенттин санариптештирүү боюнча атайын өкүлү Дмитрий Песков РИА Новостиге берген маегинде билдирди.

"Биз даярданганбыз. Дүйнөлүк интернетти өчүрүп койсо дагы өзүбүздүкү менен иштей беребиз. Учурда глобалдык интернетке туташтыруучу каражаттарды куруп бүтүп калдык.1991-жылдагыдай окуя кайталанбайт. Анда su доменин (Советтер Союзу жана постсоветтик мейкиндик үчүн улуттук домен. — Ред.) Хельсинкиде отуруп алып фин студенти башкарган учур болгон", — деди президенттин өкүлү.

Буга чейин санариптик өнүктүрүү министри Максут Шадаев Россия европалык маалымат алуу түйүндөрүнөн ажыратылса, Азиядан интернет-трафик ала аларын айткан. Министр билдиргендей, "Ростелеком" башкы магистралдык оператору мындай сценарийге даяр.
Тышкы иштер министри Сергей Лавров да Россия интернетсиз калбай турганын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык саясат таануучу: АКШ Украинаны кыйроого алып бара жатат