Кыргызстанга дары-дармек аткезчилик жол менен өтүп турган канал буулду

Азыркы учурда мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар адамдарды жана зыяндын көлөмүн аныктоо иштери жүрүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Кыргызстанга дары-дармек аткезчилик жол менен ташылган канал аныкталганын УКМК билдирди.
1 / 3

Кыргызстанга дары-дармек аткезчилик жол менен ташылган канал аныкталганын УКМК билдирди

2 / 3

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-июнунда "Чоң-Капка" өткөрүү пунктунда дары-дармекти мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаа токтотулганы белгилүү болду

3 / 3

Азыркы учурда бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар адамдарды жана зыяндын көлөмүн аныктоо иштери жүрүүдө

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-июнунда "Чоң-Капка" өткөрүү пунктунда дары-дармекти мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаа токтотулганы белгилүү болду.
"Тинтүү учурунда үй буюмдарынын астына катылган 28 коробка дары-дармек табылган. Ошол эле учурда бул товардын түрүнө тиешелүү документтери жок болуп, дары-дармек ташуудагы милдеттүү шарттар аткарылган эмес", — деп айтылат билдирүүдө.
Азыркы учурда бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар адамдарды жана зыяндын көлөмүн аныктоо иштери жүрүүдө.
Мыйзамсыз жүк ташыган транспорттор конфискацияланат. Жапаров мыйзамга кол койду