Менингиттин козгогучу түздөн-түз мээ кабыкчасын жабыркатат. Көбүнчө инфекция алып жүргөн адам жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, өпкөндө жугат. Адатта дем алуу жолдору суукка урунган адамдар тез жугузуп алат. Ошондуктан оору кыш, жаз, күз мезгилинде көп кездешет. Бул тууралуу Айнагүл Рыскулбекова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, менингиттин козгогучу сырткы чөйрөдө алсыз болот. Андыктан бөлмөнү ным чүпүрөк менен сүртүп туруу керек.
"Менингит — мээ жана жүлүн кабыкчасынын сезгенүүсү. Этиологиясы боюнча аны бактерия, вирустар жана грибоктор козгойт. Азыркы күндө Бишкекте бактериялык менингит менен ооругандардын өсүшү байкалууда. Негизи көп жылдык анализдин жыйынтыгын карай турган болсок, менингококк инфекциясы жаш балдар арасында (14 жашка чейин) кеңири жайылган. 2022-жылдын беш айында Бишкекте менингит менен жабыркаган 15 учур катталды. Анын тогузу 14 жашка чейинки балдар, ал эми жетөө беш жашка чейинки наристелер болду. Тилекке каршы, дарыгерлердин аракетине карабастан 41 жаштагы бейтап аталган илдеттен каза тапты. Бул ноокастын дарыгерге кеч кайрылып, учурунда дарыланбаганынын кесепети болду. Менингиттин алгачкы клиникалык белгилери байкалганда эле ооруканага барып дарыланбаса, өтүшүп кеткен учурда дарыгер адамды сактап калууга жетишпей калат. Азыр бейтаптар илдет өтүшүп кеткенде гана медиктерге кайрылып жатышат. Менингиттин козгогучу түздөн-түз мээ кабыкчасын жабыркатат. Бара-бара бактерия көбөйүп жүлүндүн суусу булганып баштайт. Кийин бутунан өйдө чечектер чыгып, ал некрозго айланат. Бул — өтө оор абал. Бишкек шаарын ала турган болсок, менингит ар 10-15 жылда баш көтөрүп турат. Буга чейин 2006-жылы жабыркагандар көбөйгөн. Ошол учурда борбор калаада эпидемияга каршы чукул комиссия түзүлүп, менингогокк инфекциясына каршы вакцина менен оору катталган эки мектептин окуучулары эмделген. Кийин 2014-жылы баш көтөрдү. Ал жылы алдын алуу чаралары эрте көрүлгөндүктөн башка жылдарга салыштырмалуу бейтаптардын саны азыраак болгон", — деди Рыскулбекова.
Ал ооруну алдын алуу үчүн кулактын, мурундун сезгенүүсүн, кургак учук жана башка илдеттерди өз убагында дарылап, организмди чыңдоо керектигин кошумчалады.