БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин милдетин аткарып жаткан Жаркынбек Касымбеков "кызыл" зонада иштеп коронавирус жуктуруп, бирок убадаланган компенсацияны ала албай жүргөн медиктердин маселесин чечүү жолун сунуштады.
Анын айтымында, документтерди жөнөкөйлөштүргөн норма иштеп чыгып, ошонун негизинде төлөп берүү шарт. Себеби учурда чынында COVID менен ооруп, бирок тесттин жыйынтыгы терс көрсөткөн, "кызыл" зонада иштеп, бирок жетекчиси буйрук чыгарбай койгон учурлар бар.
"Талаштуу маселелер абдан көп. Эгер биз ушул нук менен кете берсек, өзүбүздүн кызматкерлер менен эле талашып соттон башыбыз чыкпайт. Ошого жеткирбей баштан-аяк кайра карап, жаңы сунуш менен чыксак. Документке болгон талаптарды, критерийлерди жеңилдетип медиктерге да, башка органдарга да, жарандык коомго да түшүнүктүү боло тургандай кылалы", — деди Касымбеков.
Ал бул маселени чечүүдө жалгыз Саламаттык сактоо министрлигинин күчү жетпей турганын айтып, колдоо көрсөтүп туруу үчүн депутаттардан дагы жардам сурады.
Кыргызстандын медициналык профсоюзунун мүчөсү Бермет Барыктабасова аларга компенсация төлөөдөн баш тартуу боюнча 163 медиктен арыз түшкөнүн айтты.