Радио

Кадыралиев: маданий туризмди өнүктүрүүгө басым жасоо керек

Kyrgyz Friends туристтик фирмасынын турменеджери Күлчоро Кадыралиев Кыргызстанда маданий туризмди өнүктүрүүгө басым жасап, кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу керектигин айтты.
Sputnik
Кыргызстанда тарыхый ресурстар коңшу Казакстан, Өзбекстанга салыштырмалуу аз. Бул тууралуу Күлчоро Кадыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөгө келген туристтер кыргыздын бай маданиятына кызыккандыктан "Манас" эпосу, улуттук оюндар, ырлар, каада-салт, айтыш өнөрүнө көңүл буруп, программага кошуу зарыл.
"Саясий туруктуулук болмоюн туризмди өнүктүрүү өтө кыйын. Туристтерге коопсуздук маанилүү болгону үчүн алар бизди шорт-листке кошпойт. Экинчиден, инфраструктуралык түзүмдүн жоктугу чет өлкөлүктөрдү качырат. Мындан тышкары, Кыргызстанда тарыхый ресурстар коңшу Казакстан, Өзбекстанга салыштырмалуу аз. Алсак, Бурана мунарасы, Шах-Вазиль тарыхый-архитектуралык комплекси, Өзгөн мунарасы жана Таш-Рабат кербен сарайы гана бар. Ошон үчүн маданий туризмди өнүктүрүүгө басым жасап, кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу керек. Мисалы, "Манас" эпосу, улуттук оюндар, ырлар, каада-салт, айтыш өнөрүнө көңүл буруп, атайын программага кошуу керек. Албетте, биздин кооз жаратылышка суктангандар көп. Бирок Европа өлкөлөрүндө да андай кооздукту табууга болот. Ал эми биз маданиятыбыз менен уникалдуубуз",— деди Кадыралиев.
Ошондой эле адис ар бир элдин өзүнчө спецификасы болгону үчүн Кыргызстанга келген туристтердин улуттук өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүп, тосуп алуу көп жагынан утуш алып келерин кошумчалады.