Кытайлык компания Бишкекке электробус алып келүүгө даярдыгын билдирди

Мэрия кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен жолугуп, шарттарын талкуулашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Кытайлык завод Бишкекке электробустарды алып келүүгө даяр. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинде "Амир-групп" компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөн. Бул ишкана Кытайда электробус чыгарган заводдун өкүлчүлүгү болуп саналат. Алар автотранспорт мыкты сапатта жасалып чыгарын айтышкан. Ошондой эле компания электробустар эскиргенде жана жарактан чыгып калганда андан ары утилизациялоо чыгымдарын өз мойнуна аларын билдирген.
Жыйынтыгында азырынча алып келүү шарттары боюнча кенен маалымат алууну макулдашышты.
Мэрия Бишкекке шашылыш түрдө автобус сатып алат