Милиция наркологдор менен коомдук транспорттун айдоочуларын текшерүүдө. Сүрөт

Мындай рейддер эми байма-бай болуп турары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Кайгуул милициясы маршрутка, автобус жана троллейбус айдоочуларын текшерип, 91 миң сомдук айып чогултту.
Ведомствонун маалымат катчысы Байказы Айтикул уулунун айтымында, милиция кызматкерлери менен биргеликте рейдге наркологдор да чыккан.
1 / 4

Кайгуул милициясы маршрутка, автобус жана троллейбус айдоочуларын текшерип, 91 миң сомдук айып чогултту

2 / 4

Ведомствонун маалымат катчысы Байказы Айтикул уулунун айтымында, милиция кызматкерлери менен биргеликте рейдге наркологдор да чыккан

3 / 4

Натыйжада бир айдоочунун канынан алкоголь аныкталып, жумушунан четтетилген, ал эми маршруткасы айып короого токтотулду

4 / 4

Дагы үч айдоочу кан басымынын жогорулугунан иштөөгө уруксат берилген эмес

Натыйжада бир айдоочунун канынан алкоголь аныкталып, жумушунан четтетилген, ал эми маршруткасы айып короого токтотулду.
Дагы үч айдоочу кан басымынын жогорулугунан иштөөгө уруксат берилген эмес.
Мындан тышкары, текшерүү учурунда санитардык нормалардын бузулушу жана кошумча жабдуулардын мыйзамсыз орнотулушу катталган.
Мындай рейддер эми байма-бай болуп турары айтылды.
Бишкектеги автобекетте рейд болуп, айдоочуларга 135 миң сом айып салынды. Видео