БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанга акыл айткан америкалык уюмдун өкүлүнө каарын төктү.
Аткаминер Twitter баракчасына кайсы бир иш-чарада сүйлөгөн видеосун жүктөгөн. Анда Кыргызстан кичинекейлерди коргоо боюнча лекцияларга муктаж эместигин, өзгөчө жума сайын бала бакча, мектептерде балдар ок жеп жаткан окуялар катталган өлкөнүн кеңеши кереги жоктугун айткан.
"Жакында эле бизге америкалык Эрика келип, менин өлкөмө бир нерсени үйрөтүүгө аракет кылып жана биз кандай жаман, караңгы, акылсыз экенибизди айтты. Мен анда ага эмнеге өзүңөрдүн демократияңар менен алектенбей жатасыз дедим", — деп жазды Байсалов.
Ошондой эле ал Кыргызстан цивилизациялуу өлкө экенин, кимдир бирөөгө отчет берип, аларды туурап, аларга окшошууга аракет кылбастыгын белгилеген.