"Дордой" жана "Нефтчи" түркмөнстандык командаларга жеңилип калды

AFC кубогу Азиядагы турнирлер арасында масштабы боюнча экинчи орунда турат. Биринчиси — AFC чемпиондор лигасы.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Кыргызстандык "Дордой" жана "Нефтчи" футболдук клубдары Түркмөнстандын "Копетдаг" жана "Алтын-Асыр" клубдарынын оюнчуларына жеңилип калды. Таймаш Азиянын футбол конфедерациясынын (AFC) тайпалык этабында болгон.
Эки оюн тең 0:1 эсебинде аяктаган.
F тайпасындагы "Дордой" — "Копетдаг" матчы Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо болду. Жалгыз голду коноктор оюндун 45-мүнөтүндө киргизди.
F тайпасындагы "Нефтчи" — "Алтын-Асыр" беттеши Душанбеде өттү. Түркмөнстан командасы 34-мүнөттө эсепти ачты.
30-июнда кыргызстандык клубдар тажикстандыктар менен беттешет: "Дордой" — "Худжанд", "Нефтчи" — ЦСКА таймашы болот.
F тайпасында биринчи орунду ээлеген команда АFC кубогунун борбордук зонасына финалга чыгат. Ал E тайпасындагы жеңүүчү менен беттешет. Жеңүүчү Азиянын башка зоналарындагылар менен биргеликте турнирдин кезектеги этабына жолдомо алат да, 100 миң долларга ээ болот.
AFC кубогу Азиядагы турнирлер арасында масштабы боюнча экинчи орунда турат. Биринчиси — AFC чемпиондор лигасы.
Кыл чайнашкан беттеш. Кыргызстан — Тажикстан оюнунан кызыктуу сүрөттөр