"Газпром Кыргызстан": Бишкектин борборуна газ мөөнөтүнөн эрте бериле баштады

Эске салсак, компания 20-июндан 20-июлга чейин эскирген газ түтүктөрүнүн жабдуусун алмаштырарын кабарлаган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Бишкектин борборунда ремонттук иштер пландалган мөөнөттөн эрте бүтүп, жаратылыш газы бериле баштады. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясы билдирди.
Эске салсак, компания 20-июндан 20-июлга чейин эскирген газ түтүктөрүнүн жабдуусун алмаштырарын кабарлаган. Көгүлтүр отсуз кала турган аймак Осмонкул, Лев Толстой, Бейшеналиева, Малышева, Касымалы Баялинов, Журнальная көчөлөрү жана Жибек Жолу проспекти менен чектелген.
"Борбордук бөлүктөгү 78 скважинадагы жана газ түтүкчөлөрүндөгү оңдоо иштери мөөнөтүнөн мурда аяктап, жабдууларды жана газ түтүктөрүн сыноо боюнча бардык зарыл чаралар ийгиликтүү аткарылды. Бүгүн "Бишкек газ" филиалынын бардык авариялык кызматтары түтүктөрдөгү газдын басымын текшерип чыгышат", — деп айтылат билдирүүдө.
Буга байланыштуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы шаар тургундарынан газ кирчү бардык крандарды жабуусун суранат. Болбосо бул нерсе газ түтүктөрүндөгү басымдын төмөндөшүнө таасир этип, айрым аймактарда газ берүүнү кечеңдетет.
Бишкекте 27-июндан баштап карыз болгон 7 миң абонент электр кубатысыз калат