БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Милиция кызматкери өрттөнүп жаткан батирден чыга албай калган эне-баланын өмүрүн сактап калды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 24-июнь күнү ИИМдин Күзөт кызматында иштеген милициянын старшинасы Калыбек Асылбеков Чокморов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөгү батирден эки жолу жарылуу болгонун уккан. Ал барганда эл чогулуп, үй күйүп жатканы белгилүү болгон. Милиционер чуркап подъездге кирип, электр щитти өчүргөн. Андан батирдин катуу жабылып калган эшигин ачууга аракет кылып жаткан учурда балдардын жардамга чакырган үнүн уккан.
"Милиция кызматкери Калыбек тез арада жардам берүүнү көздөп, жанында турган жарандын жардамы менен эшикти ачып кирген. Өз өмүрүн тобокелге салып, бетин сууланган сүлгү менен жаап, түтүнгө толгон батирден 4-5 жаштардагы кызды таап, алып чыккан. Ошону менен бирге бөбөктүн апасын да өрттөнүп жаткан үйдөн чыгарууга жетишкен. Андан соң ал ӨКМдин кызматкерлери келгиче жанындагы жаран менен биргеликте өрттүн негизги бөлүгүн өчүрүүгө үлгүрүшкөн", — деп айтылат маалыматта.
Адам өмүрүн сактап калууга себепкер болгон милиция кызматкери Калыбек Асылбековдун ички иштер органдарында алты жылдан бери кызмат өтөп жатканы белгиленди.