БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Бишкекте доллардын орточо курсу өткөн аптанын жума күнүнө карата жогорулады.
Доллар 22 тыйынга, евро 30 тыйынга кымбаттады. Рубль менен теңге позициясын өзгөрткөн жок.
Акча алмаштыруу жайларында долларды 81 сомдон сатып алып, 82 сомдон сатууда.
Күйүүчү майдын баасы мурдагы бойдон калууда.
Алтын куймаларынын баасы бир суткада өзгөргөн жок, бир гана 100 граммдык уютма арзандап 4 258 сом болуп калды.