Бишкекте "Жеңиш" аянтында "Эскерүү шамы" деп аталган иш-чара өттү. Акциянын катышуучулары Улуу Ата Мекендик согуш өмүрүн алып кеткендерди эскеришти. Дүйнөлүк экинчи согуш 1941-жылы 22-июнда башталган.
Кипрдин түндүгүндөгү Пентадактилос тоосунун этек жагын өрт каптады. Учурда өрт өчүрүүчүлөр күнү-түнү тыным албай иштеп жатат.
Катмандуда (Непал) кишилер Эл аралык йога күнүн белгилеп жатышат
Россия президенти Владимир Путин Москвада Эскерүү жана аза күтүү күнүндө Александров багында баатыр шаарлардын тумбасына гүл койду
АКШнын курама командасы сууга сүзүү боюнча спорттук оюндардын 19-дүйнөлүк таймашында. Будапешт (Венгрия).
Миллиондогон күйөрмандардын урмат-сыйына арзыган аткаруучу Юрий Шатунов 2022-жылдын 23-июнунда 49 жашында дүйнөдөн кайтты. Аны Москвадагы Троекуров көрүстөнүнө коюшту. Ал кезегинде дүйнөгө таанылган "Ласковый май" тобунда 1986-1991-жылдары солисти болгон. Ал эми 1992-жылдан бери өзүнчө чыгып ырдап келе жаткан.
Мариуполь шаарындагы Харлампиев көчөсүндө велосипед менен кетип бара жаткан кыз
Нью-Йоркто ит кармагандардын Вестминстерск клубунун 146-көргөзмөсү болду
Офицер көздөн жаш агызуучу газ баллонду Кито өкмөтү (Эквадор) нааразылык акциясына каршы чыккандарга ыргытып жаткан учурдан көрүнүш. Америка аралык комиссиянын маалыматына караганда, нааразылык акциялары учурунда алты адам көз жумган. Алардын экөөнүн ок жегени айтылды. 166 киши, 120 полиция кызматкери жабыркап, 108 адам кармалган.
Автоунааны аласалдырган агымы катуу суу. Сунамгандж (Бангладеш) аймагында көчөлөрдү суу каптап, 90 миңге чукул киши убактылуу жайгаштыруу борборуна жеткирилди.
Чолпон-Ата шаарында өткөн Түрк өлкөлөрүнүн парламенттер ассамблеясынын отурумуна катышкан мамлекеттердин желектери. Ага Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан, Түркиянын парламент төрагалары мүчө катары, ал эми Өзбекстан менен Түркмөнстан байкоочу катары катышты.
Бүтүрүүчүлөр майрамындагы "Россия" бирлигинин салтанаттуу жүрүшү. Санкт-Петербург шаары, Нева дарыясынын акваториясы. Мектепти бүткөн балдар менен алардын ата-энелери июнда адатта бүтүрүү кечесин майрамдайт. Петербургда бул жыл сайын "Алые паруса" деп аталган майрамга айланат. Ленинграддагы мектеп бүтүрүүчүлөрү 1968-жылы 27-июнда Невада кызыл парустуу кораблдерди көрүшкөн, ал кийин аталган майрамдын эмблемасы болуп калды. Салт 1979-жылы эмнегедир токтоп калып, кийин 25 жыл өткөндөн кийин гана кайра жанданды.
Афганистандагы урандылардын арасынан эркектер үй-бүлөсүнүн буюмдарын издеп жатат. Бермал району, Пактия провинциясы. 22-июнда Афганистанда магнитудасы 6,1ге жеткен жер титирөө болгон. Жергиликтүү ЖМКлар 1,1 миң адамдын каза болуп, 1650 киши жабыркаганын билдиришти. Зилзала очогу 96 миңден ашык адам жашаган Хост шаарынан 44 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал эми тереңдиктеги очогу 51 чакырымга жетет.
Түркмөнстандагы "Кара-Кум жаркырагы" деп аталган газ кратери. Ал Кара-Кум чөлүндө Дарваза районунда 1971-жылы чалгындоо шахтасы урап түшүп пайда болгон.