БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Cеверодонецкидеги "Азот" комбинатынын бомбадан баш калкалоочу жайларынан 500 жашоочуну коопсуз жерге алып чыгышты. Бул туурасында SputnikLive Telegram каналы билдирди.
"Элдик милиция Северодонецкинин жашоочуларын эвакуациялоону улантып жатат. Алар аймактагы эң ири завод — "Азоттогу" бомбадан сактануучу жайларда турган. Кезектеги иштердин алкагында 500 миңден ашуун киши коопсуз жайларга көчүрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Кечээ ЛЭРдин Элдик милициясынын офицери Кирилл Генсер РИА Новостиге "Азот" химиялык комбинатынын аймагында 500гө чукул жай тургун бар экендигин айткан. Бирок бомбадан сактануучу жайдан алып чыгуу азырынча кооптуу болуп тургандыгын белгилеген болчу.
Мурдараак Россиядагы ЛЭР элчиси Родион Мирошник жекшемби күнү "Азоттон" 250 тургунду алып чыгышканын, алардын ичинде жаш балдар болгонун билдирген эле. Ишемби күнү Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров комбинаттан 800гө чукул адам чыккандыгын кабарлаган.