АКШда бензиндин баасы "акылга сыйгыс" деңгээлге жетери айтылууда

Адистин айтымында, адатта июль айында күйүүчү майга болгон суроо-талап жогорулайт. Дал ушул кезде Мексика булуңунун жээгинде катуу бороон-чапкын болуп, мунай иштеп чыгууга тоскоолдук жаратат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Жайкы бороон-чапкын мезгилинде мунай иштетүүчүлөргө коркунуч жаралса Америкада бензиндин баасы "акылга сыйгыс" деңгээлге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу OPIS энергетикалык талдоо борборунун башчысы Том Клозага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Адистин айтымында, адатта июль айында күйүүчү майга болгон суроо-талап жогорулайт. Ал эми жайында Мексика булуңунун жээгинде катуу бороон-чапкын болуп, ансыз да олку-солку болуп турган энергетика системасына бир топ залакасын тийгизет. Электр энергиясынын өчүрүлүшү өз кезегинде мунай иштеп чыгууга тоскоолдук жаратат.
"Күчтүү тропикалык сезон болсо, тилекке каршы, жакшы божомол бере албай калабыз. Тагыргаагы, бензиндин баасы беш доллардан ашып кетиши мүмкүн", — деди Клоза.
Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан кийин Батыш Москвага каршы санкциялык кысымын күчөттү. Евробиримдик буга чейин санкциялардын алтынчы пакетин кабыл алган. Анда Батыш көмүр менен мунайдын импортунан акырындык менен баш тартууну көздөйт.
АКШда бир нече айдан бери энергиянын жана көп керектелчү товарлардын наркынын жогорулашы байкалууда. Инфляция кырк жылдык рекордду жаңыртып 8,5 пайызга жетти. Бийликтин экономикадагы терс тенденцияларга каршы туруу аракети олуттуу натыйжа берген жок.
Пушков Жонсондун Россия углеводороду тууралуу сөзүнө жооп кайтарды