Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Америкалык саясат таануучу: АКШ Украинаны кыйроого алып бара жатат

Адистин айтымында, Вашингтон өзүнө коркунуч болуп жатканын Москвага сездирүү үчүн Украинага карата дал ушундай саясат жүргүзүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Украинадагы абалга жоопкерчилик АКШ менен НАТОнун мойнуна жүктөлүшү керек. Мындай пикирин америкалык саясат таануучу Жон Миршаймер билдиргенин РИА Новости жазды.
Адистин айтымында, Вашингтон өзүнө коркунуч болуп жатканын Москвага сездирүү үчүн Украинага карата дал ушундай саясат жүргүзүүдө. Башкача айтканда, АКШ Украинаны НАТОго кошуп алып, Россиянын чек арасын дагы өз аймагына айландыргысы келип жатат.
"Вашингтон Украина кризисинин дипломатиялык жол менен чечилишине кызыкдар эмес. АКШ Украина жеңишке бара жаткандай түр көрсөтүп, көз боемочулук кылууда. Өлкө чындыгында кыйроо алдында турат", — деди саясат таануучу.
Миршаймердин айтымында, тарых АКШ менен анын союздаштарын азыркы алдамчы, кара мүртөз саясаты үчүн акыры жазалайт.
Эске салсак, Россиянын Украинадагы атайын операциясы 24-февралда башталган. Ошондон бери АКШ менен Батыш өлкөлөрү Украинага жан тартып, курал-жарак жагынан жардам берип келет.
Борис, ойгон! Британиялыктар бийликтин Украинага насыя берүү чечимине нааразы болууда