Султан Раев: манасчы Саякбай Каралаевдин эстелиги Венгрияда тургузулат

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев Венгриядагы сапарында манасчынын эстелигин тургузуу идеясын айтып, ал колдоого алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. ХХ кылымдын Гомери аталган атактуу манасчы Саякбай Каралаевдин эстелиги Мажарстан Республикасында тургузулат. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.
Анын айтымында, Венгриядагы иш сапарында Мажарстандын парламентинин төрагасынын орун басары Шандор Лежак менен жолугуп, маданий кызматташуу маселелерин талкуулаган.
"Лежак мырзага Саякбай Каралаевдин эстелигин тургузуу идеясын айттым. Залкар манасчы жөнүндөгү оюбуз шыр колдоого алынды. Буюрса улуу гунндар менен Аттиланын мекенинде, касиеттүү Дунай аймагында ХХ кылымдын Гомери Саякбай Каралаевдин эстелиги тургузулат", — деп жазды Раев.
Саякбай Каралаев — көкүрөгүнө ааламды, болгондо да кылымдар менен байыркы тарыхты, кыргыздардын руханий дүйнөсүн, миллиондогон сапты батырган адам. Улуу эпик манасчы 1894-жылы Ысык-Көлдүн Тоң районунун Ак-Өлөң айылында туулган.
Ал "Манасты" эл алдында толук түрүндө 1925-жылдан тартып айта баштаган, 1935–54-жылдары филармонияда артист болуп иштеген. Саякбайдан жазылып алынган "Манас" бөлүгүнүн тексти 83 миң 830 ыр сабын түзгөн. Мындан башка да "Семетей", "Сейтек" бөлүмдөрү, алардын уландысы катары Кенендин, анын уулдары Алымсарык, Кулансарыктын окуялары да кагазга түшүрүлгөн. Саякбайдан жазылып алынган эпостун текстинин бардыгы 500 миң 553 сап ырдан турат да, колдо бар варианттардын эң көлөмдүүсү. "Манас" дүйнөдөгү белгилүү эпостордон эң көлөмдүүсү болсо, Саякбайдын варианты ошол "Манастын" эң көлөмдүүсү.
Садыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрчү уюмдун төрагасы менен жолукту