Президент Конституциянын гаранты катары адам укугунун сакталышын көзөмөлгө алышы керек. Мындай пикирин Токон Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мурдагыларга салыштырмалуу учурдагы президенттин ыйгарым укуктары кеңири.
"УКМКнын абагындагы Марат Казакпаевдин өлүмү жана Бакыт Асанбаевдин өзүнө кол салуу фактыларын изилдөө боюнча жумушчу комиссия түзүлгөнү туура. Себеби эки адамдын өмүрү удаа кыйылып, коомчулук жооп берүүнү талап кылууда. Анын үстүнө өз жанын кыйган банкирдин туугандары анын сөөктөрү сынып, денесинде көгала бар экенин айтышууда. Комиссия тергөөнүн жүрүшүнө кийлигишпейт, бирок коомчулуктун суроолоруна жооп бериши керек. Анын материалдары тергөөгө дагы пайдалуу болот. Казакпаевдин иши жашыруун болгондуктан тергөөчү маалымат бере албайт. Бирок ага карата психологиялык басым болгон-болбогонун, ден соолугу боюнча билдирме берилген-берилбегенин жана башка тийиштүү так маалыматтарды коомчулукка жеткириши үчүн комиссия түзүлгөнү туура. Анан президент боюнча "муну кызматтан убактылуу алды, тигини коюп койду" деген пикирлер айтылууда. Баш мыйзамдын 66-беренесинде "президент — Конституциянын гаранты" деп жазылып турат. Демек, президент тийиштүү чечимдерди кабыл алып, комиссияларды түзүп, адам укугунун сакталышын көзөмөлгө алышы керек. Ошондуктан азыркы окуялар боюнча комиссиянын түзүлгөнү туура кадам", — деди Мамытов.
Ошондой эле ал өлкө башчы тарабынан комиссиялар тергөөгө басым кылуу максатында түзүлбөгөнүн кошумчалады.