Смартфонду пляжда эс алуу учурунда кантип коргош керек? Адистин кеңеши

Көпчүлүк кишилер смартфондун нымдан коргонуучу функциясын суу дагы кирбейт деп жаңылыш ойлошот.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Смартфонду пляжда колдонгон учурда ал тез бузулушу мүмкүн. Анткени суу менен кум — телефонду иштен чыгара турган негизги факторлордун бири. Бул тууралуу Sputnik радиосунун эфиринде технологиялык блогер Виктор Смирнов айтып берди.
Анын пикиринде, көпчүлүк кишилер смартфондун нымдан коргонуучу функциясын суу дагы кирбейт деп жаңылыш ойлошот.
"Ооба, азыр суунун алдында видео тартууга мүмкүнчүлүк берген телефондор бар. Бирок алар атайын коргоочу элементтери бар аппараттар. Мисалы, флагмандык моделдеги аппараттарда IP68 деп аталган коргоочу каражат коюлат. Башкача айтканда, корпустун ичине эки кабат скотч чапталат. Ал дагы бара-бара эскирип, суу кирме болуп калат", — деди адис.
Пляжда смартфондун экинчи душманы — кум.
"Пляжда эс алуу маалында кум чөнтөккө жана сумкага аз болсо да кирип кетет. Ал дисплейди же телефондун корпусун наждак кагазындай эле чийип салат. Ошондой эле тешиктерине тыгылып калышы мүмкүн", — деди Смирнов.
Адис смартфонду пляждагы эс алуу учурунда коргоо үчүн атайын вакуумдук чехол алып алуу керектигин эскертти.
Ноутбук менен смартфондун камерасын жаап жүрүү керек. Адистин түшүндүрмөсү