Өкмөт айрым ишкерлерди салыктан бошотот. ККМ боюнча жыйында эмне каралды

Ишкерлерге көбүрөөк маалымат берүү чечими да кабыл алынган. Алардын көбү кассаны көзөмөлдөгөн аппараттарды кантип иштетүүнү түшүнбөй жатканын моюнга алышканы айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Ишкерлер үчүн кассаны көзөмөлдөгөн машиналарды (ККМ) ишке киргизүү үчүн эң ийкемдүү шарттар түзүлөт, ошол эле учурда салыктарды төлөө ар бир жарандын конституциялык милдети болуп саналат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жушумчу топтун жыйынында билдирген.
Анда Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин жана ККМди милдеттүү түрдө киргизүүгө каршы чыккан ишкерлердин 10 күндүк ишинин жүрүшүндө иштелип чыккан жумушчу топтун сунуштары талкууланган.
1 / 3

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жушумчу топтун жыйынында

2 / 3

Анда Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин жана ККМди милдеттүү түрдө киргизүүгө каршы чыккан ишкерлердин 10 күндүк ишинин жүрүшүндө иштелип чыккан жумушчу топтун сунуштары талкууланган.

3 / 3

Жапаров алкоголдук ичимдиктерди, курамында алтыны бар продукцияларды, мунай продуктуларын сатуу менен алектенген ишкерлер ККМди сөзсүз түрдө колдонуп, эсеп-фактураларга ээ болушу керектигин белгилеген.

"Кеңешменин жыйынтыгында бир катар чечимдер, анын ичинде үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге ишкердик менен алектенген чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнүн жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго жетпесе, аларды салыктан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынды", — деп жазылган билдирмеде.
Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө ишкерлерге көбүрөөк маалымат берүү чечими кабыл алынды. Анткени алардын көбү кассаны көзөмөлдөгөн аппараттарды кантип иштетүүнү түшүнбөй жатканын моюнга алышкан.
Жумушчу топтун кезектеги жыйыны бир жумадан кийин өтөт. Анда ишкерликтин башка категориялары жана ККМди киргизүүдөгү шарттар каралат.
Радио
Ысабеков: ККМ кардарлардын укугун коргоого шарт түзөт