Кыргызстанда 1164 ишкер 400 млн. сомдой пайызсыз насыя алды

Пайызы жок берилген каржылык жардамды кайтаруу мөөнөтү — 18 ай.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Кыргызстанда чакан жана орто ишкерлик менен алектенген 1164 жаран 390,9 миллион сомго пайызсыз насыя алды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Насыя алуучулардын көбү соода жана тейлөө тармагында иштей турганы айтылды.
Долбоордун максаты — кичи, чакан жана орто ишканаларга пандемиядан улам кабылган кризистен чыгып кетүүгө көмөктөшүү. Ал айыл чарбасынан башка ишкерликти каржылайт. Каражат алууну каалагандар 11 коммерциялык банкка кайрылса болот.
Салык мыйзамдарына ылайык иштеген жана жылдык акча жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган жеке ишкерлер 250 миң сомго чейин ала алат.
Ал эми айланган акчасы 30 миллион сомдон ашпаган юридикалык жактар жана жеке ишкерлер 1 миллион сомго чейин сураса болот.
Кайтаруу мөөнөтү 18 ай. Жалпысынан бул долбоорго 72 миллион доллар (болжол менен 7 миллиард сомдон ашык) каралган.
Ошто ипотекалык программа менен салынган алгачкы үй пайдаланууга берилди