Казакстандык киши Талас аркылуу 30 тонна кумшекер алып өтүүгө аракет кылган

Кармалган киши чек арачыларга унаага жер семирткич жүктөлгөнү тууралуу коштомо иш кагаздарын көрсөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Казакстандык киши Таластагы "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу 30 тонна кумшекер алып өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Казакстандык киши Таластагы "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу 30 тонна кумшекер алып өтүүгө аракет кылган.
Билдирмеге ылайык, көзөмөл-өткөрүү жайына Казакстандын 38 жаштагы тургуну А.К. айдаган КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа келип токтогон.
"Ал чек арачыларга автоунаага жер семирткич (селитра) жүктөлгөнү тууралуу коштомо иш кагаздарын көрсөткөн. Бирок текшерүү учурунда каптагы эки катар селитрадан кийин 30 тоннадай кумшекер табылган", — деп жазылган маалыматта.
Айдоочу менен жүктөр териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн компетентүү органдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Баткенден да Өзбекстан менен байланыштырган туннель табылды. Видео