Францияда эл тез арада электр энергиясын үнөмдөөгө өтүүсү керек

Адистер энергетика кризиси Франциянын социалдык жана саясий биримдигине олуттуу коркунуч алып келет деп эсептешет.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Франциянын ири энергетикалык компаниялары болуп эсептелген Engie, EDF жана TotalEnergies сыяктуу ишканалар Россиядан аз алынып калгандан бери сырьенун кымбаттап кеткенине нааразы болууда. Бул тууралуу жергиликтүү Le Journal du Dimanche басылмасындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Мындан улам алар калк менен бизнес-коомчулукка кайрылып, тез арада энергия булагын үнөмдөөгө өтүүнү эскертти.
“Биз ар бирибиз энергия булактарын үнөмдүү пайдаланып турушубуз керек”, — деп жазылат кайрылууда.
Ошол эле учурда адистер энергетика кризиси Франциянын социалдык жана саясий биримдигине олуттуу коркунуч алып келет деп эсептешет.
Буга чейин Франциянын энергетикалык трансформация министри Агнес Панье-Рунаше Россия газынын импорту кыскарганын, бирок токтобогонун билдирген.
Германиянын экономика министри Роберт Хабек дагы кризистин башталышынан улам өлкөдө газды керектөөнүн көлөмүн кыскартууга чакырган. Анын айтымында, күйүүчү майдын жетишсиздиги бардык рыноктук процесстердин токтоп калышына алып келиши мүмкүн. Ал тургай айрым тармактардын толук жабылып калуу коркунучун туудурат.
Батыш өлкөлөрү Украинада атайын операция башталгандан кийин Россияга каршы санкциялык кысымын күчөттү. Европада Россиянын энергия булактарынан баш тартууга чакырыктар күчөдү. Бирок жеткирүүнүн үзгүлтүккө учурашы Европа менен АКШда көйгөйлөргө, биринчи кезекте азык-түлүккө жана күйүүчү майга болгон баанын көтөрүлүшүнө алып келди. Кремль бул санкцияларды экономикалык согуш деп атап келет.
Сенатор Пушков Россия газы боюнча Польшанын алдамчылыгын көрсөттү