Эдуард Кубатов баштаган альпинисттер Манас-Ата чокусуна чыгышты. Видео

Спортулар чокуга чыгып өлкөнүн туусун орнотушкан. Ошондой эле "Манас" эпосун, китепти көтөрө барып сүрөткө түшүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Эдуард Кубатов баштаган альпинисттер Манас-Ата чокусуна чыгып, өлкөнүн туусун орнотушту. Бул тууралуу спортчу кабарлады.
Аталган чоку Талас Ала-Тоосунун батыш бөлүгүнүн түндүктү көздөй кеткен тармагында жайгашкан. Бийиктиги — 4 488 метр.
Эдуард Кубатов баштаган альпинисттер
Президенттин Таластагы өкүлчүлүгү альпинисттер "Куттуу элдин урааны — Манас" аталышындагы республикалык форум менен эл аралык фестивалдын алкагында чокуга чыкканын билдирди.
Форум-фестивалга Түркиянын, ошондой эле Казакстандын Орал жана Жамбыл облустарынын расмий адамдары жана маданият кызматкерлери конок катары келишкен.
1 / 4

2 / 4

3 / 4

Иш-чарада мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, облус башчысы Бакытбек Нарбеков, КРдин баатыры Алиясбек Алымкулов, муфтий Замир Ракиев жана Талас облусунун аксакалдар кеңешинин төрагасы Мүңүр Мамбеталиев сөз сүйлөгөн.

4 / 4

Облус башчысы Нарбеков акындык айтыштын жеңүүчүлөрүнө диплом жана акчалай сыйлыктарды тапшырган. Жалпы байгеси 700 миң сомду түзгөн.

Ошону менен катар манасчылардын фестивалынын соңунда "Манас" театрына автоунаа белек кылынды. Мындан тышкары, манасчыларга жана салбуурунчуларга акчалай сыйлыктар тапшырылган.
Султан Раев: манасчы Саякбай Каралаевдин эстелиги Венгрияда тургузулат