Борис, ойгон! Британиялыктар бийликтин Украинага насыя берүү чечимине нааразы болууда

Насыя берүү боюнча чечимди мурда Британиянын премьер-министри Борис Жонсон кабыл алган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Лондондун Дүйнөлүк банк аркылуу Киевге 525 миллион доллар кошумча насыя берүүгө даярданып жатканы өлкө жарандарын кыжырлантты. Бул тууралуу жергиликтүү Express таблоидинин окурмандарынын пикирин РИА Новости жазды.
Насыя берүү боюнча чечимди мурда Британиянын премьер-министри Борис Жонсон кабыл алган.
"Салык төлөөчүлөрдүн акчасын уурдаганды токтоткула, алар украин элине эмес, байлардын чөнтөгүнө кирип кетет", — деп жазган J one аттуу колдонуучу.
"Кызык, биздин акча өзүбүздөн башкалардын баарына жетет", — деп ачууланды Aussielass.
"Бере бергиле, Улуу Британияда чеччү көйгөй калбай калгансып. Азык-түлүк баасы, төмөн айлыктар, үйсүз жүргөндө канча?" — деп суроо берген Change Watch аттуу окурман.
"Биз Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң жогорку салыктарды төлөп жатабыз. Жонсон болсо акчабызды каалагандай чачууда", — деди CHiPs.
Ал эми Vital sign аттуу колдонуучу: "Борис, ойгон. Биздин өзүбүздүн көйгөйлөрүбүз бар. Биз Украинаны колдоо үчүн киреше булагы эмеспиз. Евробиримдиктин жардамы кайда?" — деп сурады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Asia Times: АКШ, НАТО Украина чатагынан улам эки кооптуулукка кабылмай болду