Бойдон түшүп калуу алдыдагы инсульттун белгиси болушу мүмкүн

Инсультту алдын алуунун эң жакшы жолу — мүмкүн болушунча сергек жашоо образын сактоо.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Тукумсуздук, боюнан түшүп калуу жана өлүү төрөт инсульт коркунучун жогорулатат. Бул тууралуу австралиялык окумуштуулардын изилдөөсүнүн жыйынтыгына таянып Sciene Alert илимий басылмасы жазды.
Мунун негизги себептери: эстрогендин төмөндүгү, сезгенүү, кандын жүгүрүүсүнө тоскоол болгон клеткалардагы көйгөйлөр, психологиялык оорулар, семирүү же тамеки чегүү болушу мүмкүн.
Жыйынтыктар 618 миң аялдын саламаттыгы боюнча маалыматтарды изилдөөгө негизделген. Адистер 32 жаштан 73 жашка чейин аялдардын ден соолугун 11 жыл бою байкоого алган.
"Инсультту алдын алуунун эң жакшы жолу — мүмкүн болушунча сергек жашоо образын сактоо. Тамекини таштап, туура тамактануу керек. Спирт ичимдиктерин дагы ченеп ичүү зарыл", — дешти окумуштуулар.
Медиктер кошумчалагандай, бойдон түшүү жана өлүү төрөт жүрөк-кан тамыр ооруларынан кабар берет.
Роспотребнадзор: сасык тумоонун кийинки сезону өтө катуу болушу мүмкүн