Бишкекте 27-июндан баштап карыз болгон 7 миң абонент электр кубатысыз калат

Жарандар жарык үчүн топтолгон карыздарын терминалдардан, банктардын кассасында жана "Кыргыз почтасында" төлөсө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Борбор калаада 27-июндан тарта электр энергиясына акча төлөбөгөн жети миң абонент өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун маалымат кызматынан кабарлады.
Мекеме бишкектиктерге карыздарын төлөөнү эскертти. Компаниянын расмий сайты аркылуу электр энергияны колдонуучулар "Абоненттин балансы" бөлүмүнө кирип эсептик сандарын терип, карыздарын текшере алат.
Ошондой эле 1209 телефон номерине чалып же (0556) 00-12-09 WhatsApp номерине жазып маалымат алса болот.
Жарандар карыздарын Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSТС (Касса-24), MegaCom, "О!", "Оңой" терминалдары аркылуу же "РСК Банк", "ДосКредоБанк", "Керемет банк", "Бакай банк", "Кыргызстан", "Халык банк", КICВ, "Оптима банкынын" кассасында жана "Кыргыз почтасында" төлөй алышат.
500 млн. доллар кетет. Кыргызстанда электр станциясын куруу пландалууда