Мээрим, Айпери, Калмира... Бишкектеги чемпионатта кыздар 8 медаль утту

Курама команданын ичинен эки кыз Азия чемпиону, үчөө вице-чемпион, дагы үчөө коло медалдын ээси болду.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команда Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында сегиз медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.
24-25-июнь күндөрү борбордо 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатынын алкагында кыздардын кармашы өткөн.
1 / 4

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команда Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында сегиз медаль жеңди.

2 / 4

24-25-июнь күндөрү борбордо 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатынын алкагында кыздардын кармашы өткөн.

3 / 4

Жалпысынан кыздар сегиз медаль алып, командалык эсепте 2-орунду ээледи.

4 / 4

1-орунду Индия, ал эми 3-орунду Казакстан курама командасы алган.

Жалпысынан кыздар сегиз медаль алып, командалык эсепте 2-орунду ээледи. 1-орунду Индия, ал эми 3-орунду Казакстан курама командасы алган.
Команданын эсебинде эки алтын, үч күмүш жана үч коло медаль бар:
Айпери Медет кызы (76 кг) — алтын;
Мээрим Жуманазарова (68 кг) — алтын;
Нурзат Нуртаева (72 кг) — күмүш;
Дильназ Сазанова (60 кг) — күмүш;
Бермет Нуридин кызы (62 кг) — күмүш;
Арууке Кадырбек кызы (55 кг) — коло;
Калмира Билимбекова (57 кг) — коло;
Сезим Жуманазарова (59 кг) — коло.
Белгилей кетсек, 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-июнда старт алган. Бүгүн, 26-июнда, эркин күрөш боюнча беттештердин экинчи күнү өтөт.
Кыргызстандык 15 спортчу ЭОКтон стипендия алмай болду. Тизме