БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Луганск Элдик Республикасынын милициясына туткунга түшкөн украиналык жоокерлер эмне себептер аларга куралдаштары ок чыгарганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Кечээ күнү Горское шаарында өзүнчө механизацияланган 24-бригаданын 18 кызматкери колго түшүрүлгөн.
"Биз моюн сунуп туткунга түшөлү дегенбиз, бирок шак эле колго түшкөн жокпуз. Себеби өзүбүздүкүлөр эле бизге ок жаадырмак", — деп алардын бири журналисттерге айтып берди.
Туткунга түшкөн экинчи украин жоокери да аны тастыктаган.
"Орустар колубузду таңып байлап жатканда биздикилер эле бизди көздөй аткылашты. Ошол маалда беркилер ок атууну токтотушкан болчу. Ошондон улам россиялык солдаттар бизди кайра жер төлөгө алып барып жашындырды", — деген ал.
Анда бир украин жоокери жарадар болгону айтылды.