ТүркПА: Чолпон-Атага келген депутаттардын эмоцияларын чагылдырган 12 сүрөт

Көл жээгинде өткөн Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын XI отуруму аяктады. Жыйындын башында Казакстан ТүркПАга төрагалык кылуу милдетин Кыргызстанга өткөрүп берди.
Sputnik
Иш-чарага уюмга мүчө Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан жана Түркия өлкөлөрүнүн парламенттеринин төрагалары жана депутаттары катышты. Ал эми Венгрия байкоочу, Өзбекстан менен Түркмөнстан конок катары келди.
Sputnik Кыргызстан жети өлкөнүн парламентарийлери чогулган отурумдан сүрөт түрмөк сунуштайт.
1 / 12

"Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын" аталышы "Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясы" деп өзгөртүлдү. Ага кошо логотиби менен туусу да жаңыланат

2 / 12

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бул жылы ТүркПАга төрагалык кылат

3 / 12

Алдыда келе жаткан Азербайжандын Милли Межилисинин төрайымы Сагиба Гафарова, Өзбекстан Олий мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева

4 / 12

ТүркПА Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан жана Түркия өлкөлөрүнүн парламенттеринен куралган

5 / 12

Иш-чараны чагылдырууга чет өлкөдөн дагы бир катар ЖМК өкүлдөрү келди

6 / 12

Талант Мамытов Түрк мамлекеттеринин эл аралык кеңселеринин, уюмдарынын жоктугун эске алуу менен бул финансылык мекеменин штаб-квартирасын Бишкек шаарында жайгаштырууну сунуштады

7 / 12

ТүркПАнын кийинки отуруму 2023-жылдын 27-29-апрель күндөрү Стамбул шаарында өтөт. Бул тууралуу Түркиянын Улуу жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп билдирди

8 / 12

Казакстан мажлисинин төрагасы Ерлан Кошанов 2021-жылдан бери ТүркПАга төрагалык кылып келген

9 / 12

Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясы 2008-жылы негизделген

10 / 12

Уюмдун парламентарийлери Өзбекстан менен Түркмөнстанды да жакын арада мүчө катары кошулууга чакырды. Алар бул сапар ардактуу конок болуп келишкен

11 / 12

Жыйында бир катар чечимдер кабыл алынып, документтерге кол коюлду

12 / 12

Жыйындык соңунда Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынды