Иш-чарага уюмга мүчө Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан жана Түркия өлкөлөрүнүн парламенттеринин төрагалары жана депутаттары катышты. Ал эми Венгрия байкоочу, Өзбекстан менен Түркмөнстан конок катары келди.
Жыйындын башында Казакстан ТүркПАга төрагалык кылуу милдетин Кыргызстанга өткөрүп берди.
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жаңыдан негизделип жаткан Түрк инвестициялык фондунун штаб-квартирасын Бишкекте ачууну сунуштады.
"Түрк инвестициялык фонду биздин экономикалык карым-катнашыбызда так жана майнаптуу курал болуп калат жана эки тараптуу, көп тараптуу долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуу механизми катары негизги ролду ойнойт деп ойлойм. Биздин өлкөдө Түрк мамлекеттеринин эл аралык кеңселеринин, уюмдарынын жоктугун эске алуу менен, бул финансылык мекеменин штаб-квартирасын Бишкек шаарында жайгаштырууга даярбыз", — деди Мамытов.
ТүркПАнын отурумунда бир катар чечимдер кабыл алынып, документтерге кол коюлду.
Бирикменин аталышы "Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясы" деп өзгөртүлдү. Аны менен катар логотиби менен туусу дагы алмаштырылды. Ошондой эле Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынды.
Казакстан мажлисинин төрагасы Ерлан Кошанов Өзбекстан менен Түркмөнстанды жакын арада ТүркПАга мүчө катары кошулууга чакырды.
ТүркПАнын кийинки отуруму 2023-жылдын 27-29-апрель күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өтөт.
Тема боюнча: