БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Ооздон жагымсыз жыттын чыгышына эмнелер себеп экенин стоматолог-терапевт Асира Жанузакова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди.
Дарыгер буга тиштин бир нече оорусу таасир эте турганын билдирген.
"Эгерде ооздун ичинде курт жеген, башкача айтканда, кариеске кабылган тиштер болсо, оюкчаларга тамак-аштын калдыктары толуп калат. Анан шилекей менен тамак-аштын калдыктары эрийт. Ал жерде микробдор пайда болот, анан жагымсыз жыт чыгат", — деди Жанузакова.
Ооздун жыттанышы тиштин оорусунан сырткары бүйлөнүн дартына да байланыштуу.
"Бүйлөнүн оорусу жашарып жатат. Бүйлө деген тиштин этин кармап турган байламта. Ал сезгенүүдөн улам начарласа, тиш менен эттин ортосунда шилекей менен тамак-аштын калдыктары топтолуп, жагымсыз жытты берет", — деди стоматолог.
Жанузакова ооздон жыттын чыгышы ички аппараттын туура эмес иштешине байланыштуу болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.
Дарыгер мындай көйгөйгө кабылгандарды тартынбай жардам алууга чакырды.