Таласта төрт өспүрүм сууга чөгүп кетип, үчөөнүн сөөгү табылды. Сүрөт

ӨКМ кыргызстандыктарды балдарын чоңдордун көзөмөлүсүз сууга түшкөнгө жибербей, коопсуздук эрежелерин сактоого чакырууда.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Талас облусунда төрт өспүрүм бала сууга чөгүп кетип, алардын үчөөнүн сөөгү табылып, бирөө изделип жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
1 / 4

Кечээ, 24-июнда, Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Үч-Булак айылында 13 жана 11 жаштагы балдар Киров суу сактагычына түшүп кеткен

2 / 4

Ал жерге үч куткаруучу барып, бирок натыйжа болгон эмес. Ал эми бүгүн, 25-июнда, таң эрте издөө иштери уланып, саат 9:30 чамасында эки баланын сөөгү табылган

3 / 4

Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынан өтүүчү кичи Талас каналына 14 жана 13 жаштагы өспүрүм кыздар чөгүп кеткен

4 / 4

Издөө иштерине бүгүн 10 куткаруучу тартылган. Саат 08:30 чамасында бирөөнү жергиликтүү тургундар тапканы айтылган

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-июнда, Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Үч-Булак айылында 13 жана 11 жаштагы бала Киров суу сактагычына түшүп кеткен. Ал жерге үч куткаруучу барып, бирок натыйжа болгон эмес. Ал эми бүгүн, 25-июнда, таң эрте издөө иштери уланып, саат 9:30 чамасында эки баланын сөөгү табылган.
Мындан сырткары, кечээ дагы бир кырсык катталган. Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынан өтүүчү кичи Талас каналына 14 жана 13 жаштагы өспүрүм кыздар чөгүп кеткен.
Издөө иштерине бүгүн 10 куткаруучу тартылган. Саат 08:30 чамасында бирөөнү жергиликтүү тургундар тапканы айтылган.
ӨКМ учурда издөө иштери уланып жатканын айтты.
ӨКМ кыргызстандыктарды балдарын чоңдордун көзөмөлүсүз сууга түшкөнгө жибербей, коопсуздук эрежелерин сактоого чакырууда.
Сууга чөгүп бараткан адамга кантип жардам берсе болот? Адистин кеңеши