Талас: сууга агып кеткен экинчи кыздын сөөгү табылды

Трагедия Ак-Дөбө айылында болгон. Агымы катуу каналдын суусу кечээ эки кызды агызып кеткени кабарланган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Талас районунун Бакай-Ата районунда сууга агып кеткен экинчи кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлады.
Трагедия Ак-Дөбө айылында болгон. Агымы катуу каналдын суусу кечээ эки, 13 жана 14 жаштагы өспүрүм кыздарды агызып кеткени кабарланган. Бүгүн эртең менен бирөөнүн сөөгү табылганы айтылган. Экинчи өспүрүмдү суудан бүгүн саат 17:30дар чамасында алып чыгышкан.
Мындан сырткары, кечээ ушул облустагы Киров суу сактагычына эки бала чөгүп кеткен.
ӨКМ кыргызстандыктарга балдарды чоңдордун көзөмөлүсүз сууга түшкөнгө жибербей, коопсуздук эрежелерин сактоону эскертүүдө.
Таласта төрт өспүрүм сууга чөгүп кетип, үчөөнүн сөөгү табылды. Сүрөт