Ишкерлерди колдоо үчүн эки салыктык отчётту тапшыруу мөөнөтү узартылды

Мындай жеңилдик антикризистик планды аткаруунун алкагында иштелип чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Министрлер кабинети кризистик кырдаалга байланыштуу ишкерлерге колдоо көрсөтүүнүн алкагында салыктык отчётторду тапшыруу мөөнөтүн узартты.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев өкмөттүн 2022-жылга антикризистик планын аткаруунун алкагында иштелип чыкканын белгилеген.
Натыйжада 1-сентябрга чейин төмөнкү отчётторду тапшыруу мөөнөтү узартылды:
Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан 30-майына чейинки мөөнөттөгү кошумча нарк салыгы боюнча отчёт;
2022-жылга карата мүлк тууралуу салык боюнча маалыматтык эсеп.
Радио
Ысабеков: ККМ кардарлардын укугун коргоого шарт түзөт