Кыргыз-өзбек мамилеси: туннелдер байланышы

Sputnik
Контрабанда өлкөгө, экономикага канча зыянын тийгизип, мамлекеттик казынаны канча каражаттан куру калтырып жатканы айтпаса да түшүнүктүү. Алар ири, чакан жана орто масштабда болуп, кандай көлөмдө күргүштөп кирип-чыкканын эч ким так эсептей албайт.
Колумнист Абдыкерим Муратов кыргыз-өзбек чек арасындагы табылган, аталган багытта "ишмердүүлүгүн ийгиликтүү жүргүзүп келген" туннелдер туурасында ой калчап, анын пайда болуу факторлорун баам салды.

Кара-Суудагы тешкен жолдор

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы 24-майда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарына жакын Тельман айылынан узуну 270 метр келген туннель табышкан.
Көп узабай эле, 4-июнь күнү Кара-Суу шаарынан бир үйдүн бетон тротуарынан жер астынан өтмөк бар экенин аныкташкан. Аталган мекеменин адистери анын тереңдиги 17,5 метр, кире бериш жери 1,80 метр, туурасы 70-80 сантиметр, узуну 155 метр деп аныкташкан.
11-июнда ошол эле Кара-Суу шаарындагы үйлөрдүн биринен дагы өткөөл табылган. Үй ээсинин айтуусу боюнча, ал киши өзбекстандык жаран менен мамиле түзүп, 2014-жылдан эле "ишин" башташкан экен.
Эми бул туннелдердин максаты эмнеде жана неге алар Кара-Суудан табылып жатат?
Баарына түшүнүктүү: ал жер астындагы жолдор Өзбек Республикасы менен Кыргыз Республикасын байланыштырып, биринчиден, өзбек сумун, кыргыз сомун, америка долларын, кытай юанын ж.б. чет өлкөлүк валюталарды бир өлкөдөн экинчи өлкөгө бажы төлөмдөрүсүз, банксыз алып өтүүгө ыңгайлаштырылган; экинчиден, ушундай эле жолдор менен эл керектөөчү товарларды ташып турушкан; үчүнчүдөн, визасын жана ар кандай төлөмдөрсүз жарандарды өткөрүшкөн, алардын ичинде эч кандай документтери жок адамдар, кылмышкерлер, мандикерлер болушу мүмкүн.
Кара-Суу – Фергана өрөөнүндөгү кайталангыс шаар. Анын "Тураталы" деп аталган базары өрөөндөгү эң ири соода жайы гана эмес, ал жерде өзбек жана кыргыз валюталары бирдей эле колдонула берет. Анжиан жактан Түштүк Кыргызстанга арзан маталар жана кийимдер, пахта майлары, жууркан-шейшептер, жоолуктар ж.б. элдин күнүмдүк тиричилигине керектелүүчү товарлар өтүп турса, Кыргызстан жактан эт, сүт, алма, картошка, кытай товарлары барат. Мына ушулардын дээрлик жарымынан ашыгы дал ушул Кара-Сууда, анын "Тураталы" базарында соодага айланат. Байыртадан ушундай болуп келген, Кара-Суунун базарына Алайкуу менен Чоң-Алайдан, Кара-Кулжа менен Өзгөндөн, Алай менен Ноокаттан базар-учурга адамдар тынымсыз агылып келип, алар Савай каналындагы көпүрөдөн өтө коюп эле өзбектердин ашы менен самсасын жеп, көк чайын ичип, керектүүлөрүн алып келген. Кыргыз тарапка өзбек тараптагылар да ушундай өтүп турган. Анан эле эки жак эки мамлекет болуп, чек ара, бажы кызматтары ишке киришкенде ары-бери эркин өтүп келгендер абдырай түштү. Жанагы "метро" казгычтар мына ушул тарыхый фактордон улам ишке киришти...
Баткенден да Өзбекстан менен байланыштырган туннель табылды. Видео

Баткен туннелдери

Дагы бир жер асты жол Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагынан табылган. Бул өтмөктүн бир оозу кыргызстандык адамдын там аркасында болуп, экинчи оозу өзбекстандыктын короосунан чыккан. Бул коммерциялык жол тууралуу өзбек атайын кызматтары мурда эле билип, 2016-жылдын 25-мартында эки мамлекеттин Чек ара кызматтарынын башчыларынын жолугушуусунда кыргыз тарапка кулак кагыш кылган экен. Андан бери дале иштеп келе жаткандай. Анын узундугу 110 метр.
23-июнда Өзбек Республикасынын Чек ара кызматы менен Ички иштер министрлиги Фергана облусунун Риштан районунан эки өлкөнү байланыштырган жаңы "метро" табышкан. Сөздүн түз эле маанисинде метродой эле кызмат кылган бул жолдун туурасы 1-1,5 метр, бийиктиги 2 метр болуп, узуну 130 метрге жетиптир. Ичи жарык, байкоо камералары коюлуп, астына бетон төшөлүптүр, чыгар жерине электр менен иштеген лифт орнотулуптур. Заманбап технологиялар колдонулган бул “метро” эки жактан эки адамдын үй-жайларын туташтырып турган.
Эми суроо туулат? Биринчи суроо: Ушунча жылдан бери аткезчилик жол менен ташылган товарлардан эки өлкөнүн казынасы канча акчадан куру жалак калды?
Экинчи суроо: Азырынча табылган жер асты жолдору бүт шаар (Кара-Суу) же айыл (Тельман, Кыргыз-Кыштак) ичинде, анан өз аймагында ошол жер үчүн "кылым курулушу" курулуп жатса, пайдаланууга берилгендери эки мамлекетти бириктирип, күпүлдөп иштеп турса, анан ошол тууралуу колу-коңшулары, чек ара, милиция, салык, бажы кызматтары, махала комитеттери, айыл өкмөттөрү неге билишпейт? Же алар да булар менен табакташпы?
Үчүнчү суроо: Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын чек арасы жалпы 1378 чакырым, ал биздин Ала-Бука, Аксы, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак, Кара-Суу, Араван, Кадамжай райондору аркылуу өтөт, анан ушул аралыкта азыркы учурда дагы канча жер тешилип турат, алар качан ачыкка чыгат да, ким чыгарат?..
УКМК: жер алдынан Өзбекстанга кеткен туннель казган аткезчи кармалды. Видео