Кымбат металлдын экспорту бир нече ирет түшүп кетти

Быйылкы жылдын алгачкы төрт айында 543 миң долларга 607 килограмм күмүш сатылган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Апрелде Кыргызстан сыртка 353 килограмм күмүш саткан, анын баарын Түркия алган. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитеттин маалыматында айтылат.
Күмүштүн наркы 250 миң долларга бааланган.
Быйылкы жылдын алгачкы төрт айында 543 миң долларга 607 килограмм күмүш сатылган. Мындан сырткары, Россияга да 254 килограмм (январь-февраль) жөнөтүлгөн. Өткөн жылдын январь-апрель айында тышка 2,8 тонна кымбат металл сатылган.
Эске салсак, буга чейин акыркы ирет Түркияга 2020-жылы күмүш сатылып, анда жалпы көлөмү 370 килограммды түзгөн.
Кыргызстан январда алтын экспорттогон жок. Былтыр жарым тонна саткан