Пранк болчу. Милиция автоунаанын терезесин талкалай тепкен уланды тапты

Тартип сакчылары 18 жана 23 жаштагыларды кармаган. Алардын бирөө интернетте тараган видеодо айдоочунун, экинчиси бейбаштын ролун аткарган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Автоунаанын маңдайкы терезесин талкалап интернет айдыңына тараган видеодогу эки уланды милиция тапты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлады.
Окуя Бишкек шаарынын четинде болуп, анын видеосу 23-июнда социалдык тармактарга тараган.
Тартип сактоо кызматкерлери аларды таап милиция бөлүмүнө жеткирген. Бири 18, экинчиси 23 жаштагы жигит болуп чыкты. Видеодо бирөө айдоочунун, шериги бейбаштын ролун аткарган. Милиция алардын видеосун жарыялады.
Жигиттер погончондорго бул пранк болгонун билдирип, коомдук тартипти бузгандыгы үчүн кечирим сурашкан.
Бишкектеги автобекетте рейд болуп, айдоочуларга 135 миң сом айып салынды. Видео