Бишкек мэриясы: эскинин ордуна жаңы социалдык мончо салынат

Жаңы объект шаардык бюджеттен бөлүнгөн акчага курулуп, мончо жеткиликтүү баада кызмат көрсөтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Борбор калаадагы Жибек Жолу проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишиндеги коомдук мончонун имараты бузулуп, анын ордуна жаңы социалдык мончо салынат.
Мэриянын маалыматына ылайык, эски мончону бузуу иштери жакынкы күндөргө пландалган. Ага 4,1 миллион сом бөлүнүп, тендерде уткан тарап 90 күндө ишти бүткөрүшү керек.
Мэрия жаңы мончо шаардык бюджеттен бөлүнгөн акчага курулуп, тургундарга жеткиликтүү баада кызмат көрсөтөт деп ишендирүүдө.
Бишкекте тротуарларды оңдоодо жана бордюрларды орнотууда жаңы ыкма колдонулат